Кыргызстандын ТИМи Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады

Тышкы саясий мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөрдүн аймактарына кайрадан аскердик соккулар урулуп жатканы тууралуу кабарларга тынчсыздануусун билдирет.
Кыргызстан чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салууга багытталган сүйлөшүү процессине доо кетире турган ар кандай аскердик аракеттерди айыптайт. Ошондой эле тараптарды болушунча сабырдуу болууга, ок атышууну токтотуу режимине каршы келген жана кырдаалдын мындан ары курчушуна алып келе турган кадамдардан карманууга, эл аралык укуктун нормаларын жана БУУнун Уставын (өзгөчө чыр-чатакка тарап болбогон Булуң өлкөлөрүнө карата) так сактоого, андан тышкары маселени аскердик эмес, дипломатиялык жол менен жөнгө салуу чараларын улантууга чакырат.
Белгилей кетсек, бүгүн, 3-июнда Иран менен АКШ бири-бирине сокку урушту.