Иран Ормуз кысыгын толугу менен жапты — 340 кеме өтүүнү күтүүдө

03.06.2026 | 10:57
Ормуз кысыгы

Чет элдик ЖМКлар Strait of Hormuz веб-картасына жана кемелерди көзөмөлдөөчү Vessel Finder сервисинин маалыматтарына таянып билдиргендей, Иран Ормуз кысыгы аркылуу кыймылды толугу менен жапты.

Алардын маалыматы боюнча, акыркы суткада кысыктан бир дагы кеме өткөн эмес. Кадимки күндөрү бул каттамдын өткөрүү жөндөмдүүлүгү суткасына 60ка жакын танкерди түзөт, бирок Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатак башталгандан кийин кемелердин агымы күнүнө 10–20га чейин кыскарган.

Маалымдалгандай, учурда кысыктын жанында өтүүнү күткөн 340ка жакын кеме турат, алардын 150гө жакыны — мунай танкерлери. Кемелердин бир бөлүгү Ирандын Бендер-Аббас шаарынын жанындагы токтоочу жайда жана БАЭнин жээктеринде турат.

Бул окуядан кийин, ЖМКлардын маалыматы боюнча, Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы 5%дан ашык өсүп, баррелине 100 доллардан ашты.

Эскерте кетсек, дүйшөмбү күнү Тегеран ЦАХАЛдын (Израиль армиясынын) Ливанга жасаган соккуларына байланыштуу жана элдешүү келишимин бузду деп Вашингтонду айыптаган. Ошол эле учурда ИИР (Иран Ислам Республикасы) ТИМи АКШ менен билдирүү алмашууну токтотуу ыктымалдыгы тууралуу маалыматтарды тастыктаган да, төгүнгө чыгарган да жок.

2-июндан 3-июнга караган түнү Иран АКШнын 5-флотунун штаб-квартирасына чабуул жасаганын билдирди. Мындан тышкары, АКШга тиешеси бар «Паная» кемесине да чабуул жасалганы айтылууда.

Өз кезегинде америкалык аскерлер ирандык дрондорду жана ракеталарды жок кылганын, ошондой эле Кешм аралына сокку урганын ырастоодо.

Буга чейин ирандык Mehr агенттиги Кешм аралынын аймагында жарылуулардын үнү угулганын кабарлаган. Ушул эле учурда Бахрейнде кооптуулукту эскерткен сиреналар иштеп, калкка коопсуз жайларга жашынуу сунушталды. Кувейттин армиясы учкучсуз учактардын жана ракеталардын чабуулунун мизин кайтарганын билдирди.

Теги: АКШ, Иран
Scroll to Top