Бишкектеги фестивалда окумуштуулар космос, адам жана медицина тууралуу айтып беришет

Орус үйү маалымдагандай, 21-августтан 23-августка чейин Бишкекте алгачкы жолу Milmax Science Bishkek 2026 илимди жайылтуу фестивалы өтөт.
Үч күнгө созулган иш-чара Кыргызстандын Улуттук тарых музейинде өтөт.
Фестивалда орусиялык белгилүү окумуштуулар жана илимди жайылтуучулар сөз сүйлөйт. Катышуучулардын катарында антрополог Станислав Дробышевский, астроном Владимир Сурдин, дарыгер жана илимий журналист Алексей Водовозов, ошондой эле башка эксперттер бар.

Уюштуруучулар белгилегендей, фестивалдын негизги максаттарынын бири — татаал илимий түшүнүктөрдү (концепцияларды) жөнөкөй жана жеткиликтүү тил менен түшүндүрүп берүү. Лекторлор өз изилдөөлөрү, заманбап илимий көз караштар жана ачылыштар тууралуу сөз кылышат, ал эми катышуучулар аларга суроо узата алышат.
Программада космос темасына өзгөчө көңүл бурулат. Катышуучуларга Аалам тууралуу заманбап көз караштар, астрономиялык изилдөөлөр жана Жер планетасынан тышкары болуп жаткан процесстер жөнүндө айтып беришет.
Дагы бир багыт — антропология болмокчу. Келген коноктор адамзаттын келип чыгышы жана эволюциясы, ошондой эле заманбап илимий изилдөөлөр ата-бабаларыбыз тууралуу кандай маалыматтарды билүүгө мүмкүндүк берери боюнча маалымат ала алышат.
Лекциялардын бир бөлүгү медицинага жана адамдардын күнүмдүк жашоосунда кездешүүчү маселелерге арналат. Эксперттер илимий ыкма ден соолукка байланыштуу маалыматтарды баалоого жана изилдөөлөр менен тастыкталган фактыларды кеңири таралган жаңылыш пикирлерден айырмалоого кандайча жардам берерин түшүндүрүшөт.
Мындан тышкары, программада Жер, курчап турган чөйрө жана заманбап илимдин башка багыттары боюнча баяндамалар каралган.
Фестиваль адистерге жана студенттерге гана эмес, кеңири аудиторияга, анын ичинде мектеп окуучуларына жана балдарын ээрчитип келген ата-энелерге да арналган. Курактык чектөө — 6+.
Катышуучулар айрым лекцияларга өзүнчө, ошондой эле бүтүндөй фестивалга бирдиктүү билет сатып ала алышат.
Орус үйүнүн достору жана өнөктөштөрү үчүн 50% өлчөмүндө арзандатуу каралган.