Эми Бишкекте майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттери автобуста акысыз жүрө алышат

Бишкек шаарында майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттерине муниципалдык коомдук транспортто акысыз жүрүү укугу берилди. Тиешелүү токтом Бишкек шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынганын мэрия кабарлады.
Токтомго ылайык, Бишкек шаарында туруктуу каттоосу бар, 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдарды коштоп жүргөн адамдар коомдук транспортто акысыз жүрө алышат. Бул чечим майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөрдү колдоо жана алардын шаар ичинде жүрүүсүн камсыздоо максатында кабыл алынган.
Жеңилдетилген транспорттук картаны төмөнкү даректерден алууга болот:
- Ленин жана Биринчи Май райондору боюнча — Токтогул көчөсү, 245;
- Свердлов району боюнча — Чүй проспектиси, 28;
- Октябрь району боюнча — Байтик Баатыр көчөсү, 17.
Мэрия жеке ассистенттер күн сайын балдарды билим берүү, медициналык, спорттук жана маданий мекемелерге коштоп барышарын, буга байланыштуу мындай чечим үй-бүлөлөрдүн каржылык жүгүн азайтууга жана тиешелүү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталганын билдирди.