Кыргызстандын улуттук футбол курамасы Вьетнамды утуп алды

Кыргызстандын улуттук футбол курамасы Вьетнамды утуп алды

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Вьетнам менен контролдук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Оюн «Ак шумкарлардын» 2023-жылкы Азия Кубогуна даярдыгынын алкагында Дохадагы Al Egla машыгуу талаасында орун алды.

Беттештин 31-мүнөтүндө Кожо Жоэл оюндун эсебин ачты. Ал эми атаандаштар оюндун 63-мүнөтүндө эсепти теңөөгө жетишти. Бирок, Азар Акматов жооптук гол киргизип (75’), кайрадан команданы алдыга алып чыкты. Ошентип, оюн 2-1 эсебинде Кыргызстандын курама командасынын жеңиши менен аяктады.

Белгилей кетсек, беттеш машыгуу мүнөздө өтүп, расмий статуска ээ болгон жок. Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин оюнчулары үчүн бул контролдук беттеш турнирге болгон даярдыктын алкагындагы акыркысы болду.

Команданын 2023-жылкы Азия Кубогунда старттык оюну 16-январда Таиландка каршы өтөт.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от 🇰🇬 Kyrgyz Republic National football team (@kyrgyzkurama)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>