Кыргызстандын уурдалган жараны Өзбекстандан табылды — видео

Кыргызстандын уурдалган жараны Өзбекстандан табылды — видео

Уурдалган кыргызстандык жаран Өзбекстандан табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК жана Өзбекстандын МКК менен биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, О.Т.Т. аттуу Кыргызстандын  жаранын уурдап кеткен, Өзбекстандын Наманган облусунун У.У.З. жана Б.К.И. аттуу эки жараны Өзбекстандын  Наманган облусунун аймагынан кармалып, МККнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2023-жылдын 28-февралында О.С.Т. аттуу КРнын жараны УКМКга белгисиз бирөөлөр тарабынан Өзбекстандын  аймагына О.Т.Т. аттуу агасын уурдап кетишкенин жана ал барымтада кармалып турганын айтып кайрылган.

Такталгандай, жогруда кармалган адамдар 2022-жылдын 23-октябрында алдоо жолу менен (Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан) «Баймак» өткөрмө пункту аркылуу  О.Т.Т. аттуу жаранды Өзбекстандан алып өтүп кетишип, ал адамды барымтага беш ай кармап, аны бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылышкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, ушул жылдын 7-мартында уурдалган О.Т.Т. Кыргызстанга алынып келинип, жакын туугандарына өткөрүлүп берилди.

Учурда Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Өзбекстан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>