Токмок шаардык кеңешинин депутаты кармалды

Токмок шаардык кеңешинин депутаты кармалды

Токмок шаардык кеңешинин депутаты кармалды. Ал Яндекс Go кызматынын өкүлдөрүн коркутууга алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 26-февралында Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясына Г.Е. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Арызында 26-февраль күнү саат 16:00дө белгисиз 6-7 жаран (өздөрүн Токмок шаардык администрациясынын өкүлү деп тааныштырган) Токмок шаарында жайгашкан «Салтанат Кейджи» ЖЧКсынын кеңсесине уруксатсыз кирип, агрессивдүү түрдө кызматкерлердин бирин сыртка чыгарып, аларга зомбулук көрсөтөрүн, кеңсесин өрттөп кетерин айтып коркутуп, шаардан чыгып кетүүгө мажбур кылган.

Аталган факт Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, териштирүү үчүн Токмок шаардык милициясына жөнөтүлгөн.

«Териштирүүнүн жүрүшүндө «Салтанат Кейджи» ЖЧКсынын кеңсесине келген белгисиз жарандар Яндекс Go такси кызматынын Токмок шаарында иштөөсүнө каршы чыгышкан. Чүй ОИИББнын тергөө кызматында болгон тергөөнүн жыйынтыгы менен 9 мартта Токмок шаарынын тургуну, 1988-жылы туулган Ч.К. аттуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, — деп айтылат маалыматта.

Тинтүү учурунда андан газотравматикалык тапанчанын октору табылган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Яндекс таксинин кеңсесине коркутуу болду. Милиция эмне дейт? (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>