Кыргызстанда жарандык алуу жана андан ажыроо эрежелери өзгөртүлдүБыйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталатТокмокто айдоочулук күбөлүк үчүн практикалык сынак өтүүчү жайдын дареги өзгөрдүБишкекте баңгизат таратууга шектелген студент кармалдыБишкектин бир бөлүгүндө 23-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулатБишкекте бокс кечеси өтөт: турнирдин башкы беттештери белгилүү болду
Кыргызстандын жарандары АКШнын грин-карт лотереясына катыша алат
24.02.2020 | 11:21
2020-жылы күзүндө өтө турган кезектеги АКШнын грин-карт (Green card) лотереясына Кыргызстандын жарандары катыша алат. Бул тууралуу Кыргызстандагы АКШнын элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, лотереяга катышуу үчүн коюлган талаптар так аткарылышы керек. Бирок жаңы эрежелер тууралуу так маалымат бериле элек.
31-январда АКШ президенти Трамптын администрациясы Кыргызстан, Нигерия, Судан, Мьянма, Эритрея жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык жана грин-карта менен виза алууга чектөө киргизген.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу мунун себебин Кыргызстан электрондук биометрикалык паспорт бербегени менен түшүндүргөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом