Өлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлат
Кыргызстандын желеги желбиреди: Рысгүл Акимжанова Эверестти багындырды
27.05.2025 | 11:29
Бүгүн Непал убактысы боюнча саат 04:40та ишкер жана альпинист Рысгүл Акимжанова планетанын эң бийик Эвересттин чокусуна чыкты.
Бул кыргыз аялдары үчүн тарыхтагы экинчи ийгиликтүү чыгуу. Биринчи болуп 11-майда Асел Байбагышева Эверестти багындырган. Эми ага Рысгүл Акимжанова кошулду.
Бир жума мурун 8400 метрге жеткен Рысгүл артка кайтууга аргасыз болгон. Себеби бийиктикте кычкылтек түгөнүп калган.
Бирок ал артка кайткан жок. Максатына өжөрлүгү менен жеткен.
“Ал азыр лагерге түшүп жатат, биз тынчсызданып жатабыз, бирок баары жакшы болот деп ишенебиз”, – деп билдирди анын жолдошу, депутат Эмил Токтошев социалдык тармактагы баракчасында.
“Ушул оор күндөрдө бизди колдогондордун баарына чоң рахмат”,-деп жазган ал.
Рубрики: Жаңылыктар