Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кыргызстандык спорчулар джиу-джитсу боюнча Азия Чемпионатында күмүш медаль тагынышты
27.05.2025 | 11:47
Кыргызстандын джиу-джитсу боюнча курамасынын мүчөлөрү Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азия чемпионатында 2 күмүш медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене-тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Жаштар арасында Рамазан Тянгубер 69 кг чейинки салмакта катышкан. Ал финалдык беттеште Казакстандык спортчуга жеңилип, күмүш медаль тагынды.
Чоңдор арасында Руслан Сагдеев 94 кг чейинки категориясында катышкан. Финалга чейин Бириккен Араб эмиратынын, Филиппин жана Иорданиянын балбанын жеңген. Финалдык беттеште Сауд Аравиялык спортчуга жеңилип, күмүш алды.
Курама команда машыктыруучу Абдурахман Муртазалиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышкан.

Рубрики: Жаңылыктар, Спорт