Орусия элдеринин достугу университети кыргызстандык абитуриенттерди кабыл алууну баштады«Бала ырысы» жөлөк пулу июль айы үчүн дээрлик 192 миң балага төлөнөтКазакстанда тойдогу талаштуу тост үчүн кылмыш иши козголдуАк-Талаада сел жүрүп, турак үйлөрдүн короосун каптап кеттиКыргызстанда ымыркайлардын 44 пайызы гана эне сүтү менен багылатБишкекте сүрөтчү Абдыжапар Омурчиевдин жаркын элесине арналган көргөзмө ачылат
Кыргызстанга кумшекерди бажы төлөмсүз ташып келүү узартылды
05.08.2022 | 18:49
Кыргызстан кумшекерди жана чийки кумшекерди импорттоо үчүн тарифтик жеңилдикти 2022-жылдын 31-декабрына чейин узартты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жылдын аягына чейин импорттоочулар 105 миң тоннага чейин бул продукцияны алып келүү үчүн алымдардан бошотулган. Кыргызстан мындай квотаны быйыл июль айында алган. Ошондой эле май айынын аягында өлкөдө кумшекерди экспорттоого тыюу салынып, аны жыл аягына чейин узартуу пландалууда.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанга даяр продукция Индиядан, ал эми камыш кантын кайра иштетүү үчүн сырье Бразилиядан ташылып келет. Күздөн тарта ата мекендик заводдор кант кызылчасын кайра иштете баштайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика