Кыргызстан менен Өзбекстан картошканы үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча макулдашты12-ноябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуБишкекте сүрөтчү Жыргал Матураимовдун жеке көргөзмөсү ачылатТогузунчу талапкер: Амур Айба Медер президенттик шайлоого катышууга арыз берди«Яндекс Go» компаниясынын «Элдик гид» сынагына эмгектерди кабыл алуу 30-ноябрга чейин узартылдыЧолпон-Ата шаарында жаштар борбору ачылды
Кыргызстанга Татарстандын президенти келди
19.11.2021 | 09:30
18-ноябрда иш сапары менен Кыргызстанга Татарстандын президенти Рустам Минниханов келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
«Манас» эл аралык аэропортунан Рустам Миннихановду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов тосуп алды.
Бул сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу жолугушуу болору күтүлүүдө.
Мындан тышкары, Рустам Миннихановдун кыргыз-татар ишкердик форумуна жана башка иш-чараларга катышуусу пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат