Кыргызстанга үч айда сырттан 18 миңден ашык унаа киргизилген

Кыргызстанга үч айда сырттан 18 миңден ашык унаа киргизилген

Бүгүн, 4-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын аймагына чет өлкөлөрдөн ташылып келип, бажылык тариздөөдөн, ыйгарым укуктуу органдан каттоодон өткөндөн кийин укук коргоо органдары тарабынан камакка алынып жаткан авто унаалар боюнча бажы кызматынын жана укук коргоо органдарынын маалыматы угулду.

Аталган маселе боюнча маалымат берген бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков 2022-жылы Кыргызстанга сырттан 26 706 авто унаа алынганын эске салып: “Бирок быйылкы жылдын 1-кварталында эле 18 миңден ашуун унаа киргизилди”, – деди.

Талкуу маалында депутат Айбек Осмонов Беларусь Республикасында бажысында кармалып турган 500дөй унаа тууралуу маселени көтөрүп, аталган жагдайга көңүл буруп, тез арада чечүүнү талап кылды.

Ал эми депутат Шайлообек Атазов башка мамлекеттерден өтүп келип, бизде гана мыйзамсыз деп табылган унаалар боюнча маселеге токтолуп, жагдайлы терең иликтөөгө чакырды.

Депутат Азамат Исираилов бажы мекемесинде ишкерлердин декларациясын толтурууга көмөктөшүп иштеген брокерлердин ордуна салык кызматынын адистерин олтургузуп, жеке жактарга төлөнүүчү каражатты мамлекетке түшүрүү сунушун берди.

Андан тышкары, депутат Алишер Козуев ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн келген унааларды бажылык тариздөөгө кеткен чыгымдарын төмөндөтүү зарыл экенин кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>