Сүрөт: Бишкекте 10 миң батирлүү кичи райондун курулушу кандай жүрүүдө?

Сүрөт: Бишкекте 10 миң батирлүү кичи райондун курулушу кандай жүрүүдө?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу курулуп жаткан көп кабаттуу батирлердин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров мурдагы №47 абак жайгашкан жерде салынып жаткан турак жай кичи районунун курулушу менен таанышкан. Аталган жерге көп кабаттуу үйлөрдөн, мектеп жана бала бакчадан турган турак жай комплексин куруу пландалган.

Жапаров билдиргендей, өлкө жарандарын турак жай менен камсыз кылуу Министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

«Президент айткандай, мектеп курулбаган жерге түрмө салууга туура келет. Өлкөбүз өнүгүү жолуна ишенимдүү кадам таштады, мектептер, жолдор, бүтүндөй кичи райондор курулуп жатат. «Менин үйүм 2021-2026″ программасынын алкагында 50 миңден ашуун үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылуу пландалууда. Президент бул милдетти алдыбызга койду», – дейт Жапаров.

Ал жаңы турак жайларды курууда табигый мүнөздөгү тобокелдиктерди эске алуу менен курулуш нормаларын сактоо керектигин белгилеген.

Эскерте кетсек, буга чейин президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев №47 абак жайгашкан жерге 10 миң батирлүү кичи район салынарын билдирген.

№47 абактын ордуна 10 миң батирлүү кичи район куруу пландалууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>