Бишкекте 165,7 млн сомдук жер тилке 5,5 млн сомго сатылган

Бишкекте 165,7 млн сомдук жер тилке 5,5 млн сомго сатылган

Бишкекте 165,7 млн сомдук жер тилке 5,5 млн сомго сатылып кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын, «Бишкек башкы архитектура»  жана «Кадастр» мекемесинин Бишкек филиалынын кызмат адамдары тарабынан мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген коррупциялык фактылар аныкталды.

«Тактап айтканда, 2007-жылы жогоруда аталган кызмат адамдары мыйзам талаптарын одоно бузуп, формалдуу түрдө аукцион өткөрүп, А.Э.Ж. аттуу жаранды жеңүүчү деп аныкташып, ага Бишкек шаарынын Көк-Жар конушундагы Молдокулов көчөсүндө жайгашкан жер тилкесин 5,5 млн сомго мыйзамсыз сатышкан. Андан кийин аталган жаран жер тилкени «К.Н.М.» ЖЧКсына саткан. Ал эми, жалпы аянты 0,97 га жер тилкесинин базар баасы 165 млн 737 миң сомду түзөт. Азыркы учурда «К.Н.М.» ЖЧКсы тарабынан бул жер тилкесинде курулуш иштери жүргүзүлүп келет», — деп билдирет прокуратура.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>