Сузакта 21 жаштагы Адилет 10 күндөн бери дайынсыз болууда

Сузакта 21 жаштагы Адилет 10 күндөн бери дайынсыз болууда

Жалал-Абад облусунда дайынсыз болуп жаткан 21 жаштагы Сузак районунун тургуну Адилет Кадырбек уулу изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Адилет Кадырбек уулу Сузактын Мазар-Булак айылынын тургуну болот. Ал 4-ноябрь күнү Соку-Таш айылындагы таенесинин үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда Адилет Кадырбек уулу жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыктан, туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 170-175 см, ак жуумал, көзү кара, чачы кара, кыска, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийими: Үстүндө кара түстөгү спорттук кийим, кара түстөгү спорттук шым, бутунда көк түстөгү спорттук кийим.

Өзгөчө белгилери: Угат, бирок сүйлөй албайт.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Адилет Кадырбек уулуну көргөндөр болсо же кандайдыр бир маалымат бар жарандарды 102, (03748) 5 02 09, 0995 77 02 12 же 0771 77 02 12 номерине кабар берүүсүн суранат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>