Ошто бут кийимдерине алтын катып кете жаткандар кармалды — сүрөт

Ошто бут кийимдерине алтын катып кете жаткандар кармалды — сүрөт

Ошто аткезчилик жолу менен ташылып келген 7,6 млн сомдук зер буюмдар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Ош аэропортуна Стамбул — Ош каттамы менен учуп келген Өзбекстандын К.М. жана Т.Г.Ш. аттуу жарандарды 179 даана алтын чынжырчаны, 52 даана алтын билерикти бут кийимдердин таманынын атайын кесилген оюктарына катып алып кирүүгө аракет кылган.

Товарлардын коштоочу документтери жок болгон.

Кармалган товардын жалпы салмагы 2 кг 406 граммды (таза), орточо базар баасы 7 млн 699 миң 200 сомду түзгөн.

Материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына караштуулугу боюнча өткөрүп берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: алтын Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>