Кырсыктан күйүк алган медайымга министрлик жардам көрсөтөт

Кырсыктан күйүк алган медайымга министрлик жардам көрсөтөт

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова бир жыл мурун кырсыктан күйүк алган медайым Ырыскүл Съездбек кызы менен жолугушту. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда министр Ырыскүл Съездбек кызы менен баарлашып, операцияны кайда жасай турганын тактап, министрлик колдоо көрсөтүп, дарыланууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Министр борбордук аппараттын жамаатынын жана республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин атынан Ырыскүлгө операция үчүн акчалай жардам берип, сакайып кетишин каалады.

Буга чейин 27 жаштагы Ырыскүл Съездбек кызы SUPERTV каналына берген маегинде былтыр газ менен жүрүүчү унаада бара жатканда жолдошу чеккен тамекинин учкунунан жалын тутанып, денесинин 80 пайызы күйүп калганын айткан. Съездбек кызы “Ошол окуядан соң бети-колум жагымсыз болуп, манжаларым бирине-бири жабышып калды”, деп билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>