Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам берди

09.04.2020 | 10:03

Кытай мамлекети Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигине коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүгө колдоо көрсөтүү максатында гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Кытайдан 7 млн 690 миң сом эсептелген ПЧР-диагностикалоо реагенттери, жеке коргонуу каражаттар: бир жолку комбинезондор, термометрлер, медициналык көз айнектер, кол каптар жана бахилалар келген.

Жүктү тапшыруу иш-чарасы вице-премьер-министр Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана Кытай мамлекетинин  Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин катышуусунда өттү.

Элчи айым Ду Дэвэнь, коңшу өлкөлөрдүн кыйын учурда бири-бирине кол сунушу кыргыз-кытай стратегиялык мамилелеринин жогорку деңгээлинин ачык көрүнүшү экендигин белгилеген.

Вице-премьер министр Аида Исмаилова Кыргыз Өкмөтүнүн атынан Кытай мамлекетине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.

Мындан мурда Кытайдан  COVID-19 дартын аныктоочу 21 000 даана экспресс-тесттер келген.

Scroll to Top