Кытайда коронавирусту жуктургандардын саны 7711ге жетти

Кытайда коронавирусту жуктургандардын саны 7711ге жетти

Коронавирус Кытайдын 31 провинциянын бардыгына жетти. Акыркы маалыматтар боюнча бул вирустан 170 киши өлүп, 128и айыкты.

Кытайда илдетти жуктургандардын саны 7711ге жетип, дээрлик 82 миң адам текшерүүдөн өтүүдө.

Тайванда, Гонконгдо жана Макаодо ооруну жуктуруп алган 25 адам катталды. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө вирус 75 адамда аныкталды.

Коронавирус өткөн айда Хубэй провинциясынын административдик борбору эсептелген Ухань шаарындагы зообазарда пайда болгон деп болжолдонууда. Учурда аймак дээрлик толук изоляцияда.

Ал ортодо Кытайдын футбол ассоциациясы вируска байланыштуу өлкө ичиндеги бардык футболдук оюндар токтотулганын билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>