Транспорт министрлиги Түндүк айланма жолунун курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берди

23.07.2026 | 15:30
Транспорт министрлиги Түндүк айланма жолунун курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берди — Новости Кыргызстана

Түндүк айланма жолунун курулушу өз мөөнөтүндө аяктап, пайдаланууга берилиши үчүн иштер эки нөөмөт менен, анын ичинде түнкү убакта да жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Долбоордун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Учурда Алматы – Бишкек – Ташкент унаа жолунун 24,3 чакырымы жана Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт унаа жолунун 9,1 чакырымы толугу менен реконструкцияланып жатат.

Курулуш аяктагандан кийин негизги жол 4–6 тилкелүү болот.

Долбоордун алкагында 13 транспорттук түйүн курулат. Алардын 11и жаңыдан салынып, экөө капиталдык реконструкциядан өткөрүлөт. Ошондой эле учурдагы көпүрөлөр кеңейтилет. Министрликтин маалыматына ылайык, бул борбор калаанын айланасындагы жол тыгындарын азайтууга мүмкүндүк берет.

Жаңыланган тилкелерде жол чырактар орнотулбайт. Бул транспорттун үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыздайт. Коопсуздук үчүн жолдун ортосуна жана четтерине темир тосмолор, бардык тилкелерге заманбап жарыктандыруу орнотулат. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн жер үстүндөгү өтмөктөр жана туурасы 2,25 метр болгон тротуарлар курулат.

Министрликтен белгилешкендей, Түндүк айланма жолунун курулушу мамлекеттик каражаттын эсебинен Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Курулуш иштеринин жүрүшү министрликтин көзөмөлүндө.

Scroll to Top