Акжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуАксы районунда беш жылда 78 объект пайдаланууга берилип, күн электр станциясы курулат
Кытайдагы Азия оюндарына Кыргызстандан 181 спортчу барат
31.05.2023 | 14:13
Быйыл Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 181 спортчу катышат. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов билдирди.
Анын айтымында, Азия оюндары 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөт. Аталган оюндар былтыр COVID-19 пандемиясынан улам өткөрүлбөй калган.
Азия оюндарынын алкагында спорттун 40 түрү боюнча мелдештер өтөт. Кыргызстан бул жарышка бокс, сууда сүзүү, ок атуу, жаа атуу, дзюдо, оор атлетика, грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү, фехтование, жеңил атлетика, жалпы спорттун 26 түрү боюнча катышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз