Ормон хан тууралуу тасма тартылат. Сценарийге сынак жарыяланды

Ормон хан тууралуу тасма тартылат. Сценарийге сынак жарыяланды

Кинематография департаменти Ормон хан Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесине карата даректүү тасма тартуу үчүн мыкты сценарийге сынак жарыялайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Даректүү тасмада Ормон хандын өмүр жолу жана ишмердүүлүгү чагылдырылышы керек.

Сынакка билдирмелер 2023-жылдын 1-июнунан 1-августуна чейин кабыл алынат.

Кабыл алуу эрежеси:

30 мүнөткө чейинки даректүү тасмалардын долбоорлору кабыл алынат.

Кыргызстандын жараны болуш керек.

Долбоорлор кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат.

Кинодолбоор төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

  • Кинематография департаментинин директорунун атына кат.
  • Долбоордун кыскача синопсиси.
  • Календардык план.
  • Сценарий.
  • Сценарийдин автору, режиссеру жана продюсеринин Кыргызстандын жарандыгын тастыктаган документтеринин көчүрмөлөрү (паспорт).
  • Долбоордун бюджети.
  • Кинодолбоордун режиссерунун, сценаристин өмүр баяны, атайын окуу жайын же режиссердук курсту бүтүргөндүгү тууралуу документ (CV).
  • Режиссердун фильмографиясы, эл аралык кинофестивалдарда алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү.
  • Кинодолбоорлорго кино тармагында жетишкендиктери бар адистин көркөм жетекчи болууга сунуштама.
  • Тарта турган кинокомпаниянын же студиянын фильмографиясы.

Эскертүү: жогорудагы тизмедеги талап кылынган иш кагаздар 2 кускада болушу керек. Иш кагаздар толук болбосо кабыл алынбайт.

Дареги: Бишкек ш., Логвиненко көч., 13, Ч.Айтматов атындагы Кино үйү. Кинематография департаменти

Сурап билүү телефондору: +996 312 300265; +996 312 301046.

е-mail: goskinokg@mail.ru; kyrgyzcinema.gov@gmail.com

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>