Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Эми дыйкандар жеңилдетилген насыяларга арыздарды электрондук түрдө тапшыра алышат
25.05.2026 | 15:55

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта айыл чарба багытындагы жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн арыздарды кол менен кабыл алуу токтотулат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Эми дыйкандар арыздарды министрликтин электрондук кезек системасы — «i-Dyikan» санариптик платформасы аркылуу аркылуу бере алышат.
Жаңы система төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт:
- онлайн каттоодон өтүү;
- жеңилдетилген каржылоого аралыктан арыз берүү;
- электрондук кезекке туруу;
- арыздын абалын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө.
Министрликтин маалыматында, система мамлекеттик каражаттарды бөлүштүрүүнүн ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында түзүлгөн. «i-Dyikan» платформасы агрардык тармак үчүн бирдиктүү санариптик терезе катары кызмат кылат. Келечекте платформанын мобилдик тиркемеси ишке киргизилет.
Каттоодон өтүү үчүн idyikan.agro.gov.kg сайтына кирүү зарыл.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Айыл чарба министрлиги