«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Депутат мектеп формасына коюлган талаптарды жеңилдетүүгө чакырды
20.05.2026 | 13:27
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев мектеп формасына коюлган талаптарды кайра карап чыгууну сунуштады.

Ал өткөн жумада Министрлер кабинетинин төрагасы чиновниктерге костюмсуз жүрүүгө уруксат бергенин эске салып, ушундай эле жеңилдиктерди окуучуларга да берүү керектигин айтты.
Депутаттын айтымында, мектеп формасы балдар үчүн жайында да, кышында да, күзүндө да, жазында да ыңгайсыз.
«Эмне үчүн чиновниктерге жеңилдик берилди, ал эми кичинекей балдарга берилбейт? Келгиле, мектеп окуучуларына да ушундай жеңилдиктерди берели», — деди Бекешев.
Ал бул маселе буга чейин Агартуу министрлигинде талкууланганын айтып, талкууга Маданият министрлигин жана башка мекемелерди да тартууга чакырды.
Теги: Жогорку Кенеш