Банктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырдыКатуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталууда
28-майда Бишкектин эки аймагында ичүүчү суу өчүрүлөт
26.05.2026 | 09:51

2026-жылдын 28-майында Бишкек шаарынын эки аймагында суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаар мэрияся билдирди.
Суу төмөнкү эки аймакта өчүрүлөт:
- Саат 09:00дөн 23:00гө чейин Куланак – Молдокулов – Куйручук – Ахунбаев көчөлөрү менен чектешкен аймакта;

- Саат 10:00дөн 00:00гө чейин Ч. Айтматов проспектиси, И. Ахунбаев, Ш. Руставели, А. Баатыр, Жунусалиев, Грибоедов, Садырбаев, Коперник, Курчатов, Ташауз жана Айни көчөлөрү менен чектелген аймакта.

Суу берүүнү токтотуу турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине, социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү. «Бишкексууканал» ишканасы тургундарды жана мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом