Байыркы жазуудан мультфильмге чейин: КРда мамлекеттик тил программасы кеңейтилет

Кыргызстанда кыргыз тилин өнүктүрүүнүн 2026–2028-жылдарга каралган мамлекеттик программасын кеңейтүү сунушталууда.
КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия билим берүү, маданият жана санариптик технологиялар тармактарында кошумча иш-чараларды караган Министрлер кабинетинин токтом долбоорун иштеп чыкты. Документ коомдук талкууга коюлду.
Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы кыргыз тилиндеги сапаттуу контенттин, өзгөчө балдар жана өспүрүмдөр үчүн жетишсиздигине, ошондой эле мамлекеттик тилди үйрөнүүнүн заманбап куралдарын өнүктүрүү талабына байланыштуу.
Иштеп чыгуучулар кыргыз тилин санариптик чөйрөдө активдүү колдонуу, билим берүүчү материалдарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана мамлекеттик тилде көбүрөөк заманбап медиа продуктуларды жаратуу зарылдыгын белгилешет.
Маалым болгондой, 2026-жылдын июль айында Министрлер кабинети Улуттук комиссияга Каржы министрлиги менен биргеликте программаны каржылоонун кошумча булактарын карап чыгууну жана аны андан ары ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоону тапшырган.
Талдоонун жыйынтыгы боюнча комиссия колдонуудагы программаны балдар, жаштар жана чоңдор арасында кыргыз тилин жайылтууга багытталган бир катар долбоорлор менен толуктоону сунуштады.
Багыттардын бири — кыргыз тилин үйрөнүү үчүн санариптик инструменттерди өнүктүрүү болмокчу.
Атап айтканда, «Кыргызча оңой» (Easy Kyrgyz) мобилдик тиркемесин модернизациялоо сунушталууда. Ага жаңы тилдерди кошуу, B1, B2 жана C1 деңгээлдери үчүн окуу материалдарын иштеп чыгуу, сабактардын, көнүгүүлөрдүн, котормолордун, аудиоматериалдардын жана тесттердин санын көбөйтүү пландалууда.
Ошондой эле push-билдирүүлөрдү, рейтинг системасын, досторду чакыруу функциясын, материалды интеллектуалдык кайталоону, кепти таануу жана айтылышты текшерүү мүмкүнчүлүктөрүн киргизүү каралган.
Иштеп чыгуучулар тиркемени күндөлүк турмуштук кырдаалдарга негизделген диалогдук тапшырмалар менен толуктоону жана анын интерфейсин, коопсуздугун, аналитикалык куралдарын жакшыртууну сунушташууда.
Дагы бир долбоор — байыркы кыргыз жазуусун үйрөнүү үчүн «Битикчи» мобилдик тиркемесин түзүү. Анда байыркы тамгалар боюнча окуу материалдарын, оюн көнүгүүлөрүн, тексттерди битик жазуусунан кириллицага жана тескерисинче которуу үчүн конвертерди, ошондой эле байыркы жазууну колдонуу менен баарлашуу куралдарын жайгаштыруу мерчемделүүдө.
Токтом долбооруна ылайык, «Битикчи» тиркемесин 2027-жылы иштеп чыгып, ишке киргизүү пландалууда.
Балдар жана өспүрүмдөр үчүн жаңы долбоорлор
Сунушталган өзгөртүүлөрдүн олуттуу бөлүгү кыргыз тилиндеги балдар контентинин көлөмүн көбөйтүүгө тиешелүү.
Тактап айтканда, кыргыз тилинде билим берүүчү жана өнүктүрүүчү материалдарды, анын ичинде улуттук баалуулуктарга арналган мазмунду камтыган «Нуркидс» санариптик экосистемасын өнүктүрүү каралган.
Долбоорго ылайык, мындай контентти 2344 мектепке чейинки билим берүү уюму үчүн даярдоо пландалууда.
Дагы бир демилге — 3 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн «Сен мыктысың!» балдар телекөрсөтүүсү. Долбоор көрүүчүлөрдү кыргыз тилин жакшы билген таланттуу балдар менен тааныштырууга, ошондой эле сүйлөө кебин, сөз байлыгын, ой жүгүртүүсүн жана улуттук маданиятка болгон кызыгуусун өстүрүүгө багытталган.
Мындан тышкары, 6 жаштан 16 жашка чейинки балдар үчүн кыргыз тилиндеги видеожомокторду тартуу пландалууда. Токтом долбоорунда 2027–2028-жылдары 16 серия чыгаруу каралган.
Өзүнчө бир багыт — чет элдик мультфильмдерди кыргыз тилине дубляждоо. Долбоорго ылайык, 2027–2028-жылдары беш анимациялык чыгарманы которуп, үн коштоо пландалууда.
Иштеп чыгуучулар ата мекендик балдар контентинин үлүшүн көбөйтүү максатында кыргыз тилинде оригиналдуу мультфильмдерди жаратууну да сунушташууда.
Айтматовдун жана башка жазуучулардын чыгармалары боюнча аудиокитептер
Маданий контентти кеңейтүүнүн алкагында «Улуттук адабияттын үндөрү» көркөм аудиокитептер сериясын чыгаруу сунушталууда. Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков жана башка кыргыз жазуучуларынын чыгармалары боюнча 16 аудиокитептен турган топтом түзүү мерчемделүүдө.
Чыгармаларды каармандарды ролдорго бөлүп үн коштой турган актерлордун катышуусу менен жаздыруу каралууда.
Иштеп чыгуучулардын пикиринде, мындай формат кыргыз адабиятын жаш муунга жеткиликтүү кылып, классикалык чыгармалар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
Дагы бир сунуш мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн кыргыз тилиндеги кооз, көркөм сүрөттүү китептерди басып чыгарууга тиешелүү. 2027–2028-жылдары балдардын курактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен 60 миңге жакын нускада китеп чыгаруу пландалууда.
Бул материалдар кичинекей кезинен баштап балдардын сөз байлыгын, китеп окууга болгон кызыгуусун жана кыргыз тилин билүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет деп күтүлүүдө.
Кошумча иш-чараларды ишке ашыруу республикалык бюджеттен каржылоону талап кылат.
Токтом кабыл алынган учурда, ал расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Анара Мамытова