«Манас» аэропортунда ички каттамдарды каттоо жайы өзгөрдү

«Манас» эл аралык аэропортунда өлкө ичиндеги каттамдарды каттоо жайы өзгөрдү. Өзгөрүүлөр аэропорттогу курулуш иштеринен улам аэровокзалдын чыгыш тарабы убактылуу жабылганына байланыштуу. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» билдирди.
Учурда ички каттамдарга каттоо терминалдын экинчи кабатында жүргүзүлүүдө. Экинчи кабатка имараттын батыш жаңы тарабынан кирүүгө болот. Ал эми ички каттамдардын стерилдүү зонасына өтүү терминалдын чыгыш тарабындагы биринчи кабат аркылуу ишке ашырылат.
Аэропорттун жетекчилиги жүргүнчүлөрдөн аталган өзгөрүүлөрдү эске алуу менен каттамга кечикпөө үчүн аэропортко эртерээк келүүнү суранды.
Эске салсак, жакында эле «Манас» аэропортунда аэробекеттин реконструкциядан өткөн жаңы бөлүгү ишке берилип, аба майданына кирип-чыгуу тартиби өзгөргөн. Ага ылайык, мурдагы кирүүчү эшик жабылып, жаңы кирүү жана чыгуу пункттары комплекстин батыш тарабында жайгаштырылган.