Садыр Жапаров Бишкекте ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлерин кабыл алдыБишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөтЧет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилет
Чүй-Кемин округу: БШК Саккараевдин талапкерлигин алып салды
20.12.2021 | 09:47
Чүй-Кемин округу боюнча Медербек Саккараевди БШК талапкер кылып каттаган чечиминен баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланды.
Буга Медербек Саккараев тарабынан анын башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги тууралуу толук маалыматты бербегендиги себеп болгон. Коомчулукта Казакстандын жараны деген маалыматтар айтылып жүргөн.
1-октябрдагы чечими менен Медербек Саккараев №31 Чүй-Кемин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер катары катталып, шайлоодо 24,78 пайыз добуш алган. Муну менен ал бардыгынан эң көп добуш алууга жетишкен.
Ушул тапта БШКнын чечими сотко жөнөтүлгөн. Эгерде, сот тарабынан башка өлкөнүн жараны экенин тастыктала турган болсо, бул округда кайрадан шайлоо болуп өтүшү керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат