Кыргызстанда РФ шайлоосунда Россиянын 2,1 миңден ашык жараны добуш бердиДастан Бекешев: Мамлекеттик бюджеттен пенсия төлөөгө 44 миллиард сом багытталдыФутбол: Кыргызстандын кыздар курамасы алгачкы жолу CAFA чемпионатында алтын медаль жеңдиМинск Кыргызстандын экономикалык демилгелерин толугу менен колдойтЖапаров Кыргызстандагы кышкы спортту өнүктүрүүдө Ютанын тажрыйбасын колдонууга кызыкдарБишкектин бир бөлүгүндө 22-сентябрда ичүүчү суу өчүрүлөт
Азия чемпионаты (U-16): Үч кыргыз мушкер финалга чыкты
01.11.2023 | 15:37
Кыргызстандык 3 мушкер Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
52 кг чейинки Амантур Жумаев, 57 кг салмакта Дилербек Садиров жана 63 кг салмакта Арваз Ахамди финалда беттеш өткөрө турган болгон.
Ошондой эле 66 кг салмакта Рамазан Исаев жарым финалда атаандашына жеңилип, жыйынтыгында 3-орунду ээлеген.
Эскерте кетсек, 21-октябрь күнү башталган бокс боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасында Азия чемпионаты 4-ноябрь күнү жыйынтыкталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз