Кызыл дипломдуу жаштарды кадрлар резервине сынаксыз киргизүү каралууда

Кызыл дипломдуу жаштарды кадрлар резервине сынаксыз киргизүү каралууда

Жогорку Кеңештин 8-февралдагы жыйынында «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечи депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, мыйзам долбоору 2020-2030-жылдарга карата жаштар саясатынын Концепциясын ишке ашыруу жана жаш адистерди билим алууга шыктандыруу жана кадрлардын өлкөдөн чыгып кетүүсүн алдын алуу максатында иштелип чыккан.

Жогорку окуу жайларын артыкчылык менен аяктаган жарандарды кадрлар резервине автоматтык түрдө киргизүү сунушталат, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматка, кенже, улук жана башкы кызматтарга кирүүдө талапкерлерди тандоодо артыкчылыкка ээ боло алышат.

Талкууда депутат Медербек Алиев, Жылдыз Таалайбек кызы мыйзам долбоорун колдоого алып, бир катар сунуштарын беришти.

Депутат Миргүл Темирбаева жергиликтүү жана чет өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээлинин айырмачылыгына токтолду.

Ал мыйзам долбоорунда чет мамлекеттеги ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн кызыкчылыктарын эске алууну сунуштады. Депутат Марлен Маматалиев бул сунуш экинчи окуунун алкагында караларын айтты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>