Кызыл-Кыяда 200 орундуу мектеп салынат — сүрөт

Кызыл-Кыяда 200 орундуу мектеп салынат — сүрөт

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каражатына 200 орундуу мектеп салынат. Бул тууралуу фонддун төрагасы Артем Новиков билдирди.

Кызыл-Кыяда «Азамат» жеке менчик окуу-тарбиялык комплексинин жаңы корпусунун курулушуна капсула салуу аземи болуп өткөн.

Новиковдун айтымында, азыркы тапта Баткен облусунда мектептер аздык кылып, окуучулардын саны көп – ченемден 1,7 эсеге көп. Бул долбоордун аркасы менен аталган маселе аз да болсо чечилет. Жаңы жумушчу орундар түзүлүп, бюджетке салыктык төлөмдөр көбөйөт.

«Аймактардагы мектептердин жетишсиздиги – өлкө жетекчилигинин күн тартибинде турган башкы маселелердин бири. Бул багытта иш алып баруунун аркасында, жаңы мектептер дээрлик жума сайын ачылууда. Фонд мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн социалдык программалардан четте тура албайт. Бардык потенциалыбызды ишке ашырууга аракет кылабыз, айрыкча аймактарга басым жасалат. Эл күчүн, акчасын коротуп, борбор калаага же облустук борборлорго барып отурбастан, жеринде сапаттуу социалдык кызматтарды алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлүшүн каалайбыз», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>