КРдин Айыл чарба министрлиги АӨБдөн сууну жөнгө салуу бассейндерин курууга каражат сурады

Айыл чарба министрлигинде 14-сентябрда Азия өнүктүрүү банкынын кеңеш берүүчү миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Тараптар суу ресурстарын башкаруу, агрардык өндүрүш жана айылдардын инфраструктурасы тармагындагы кызматташтык маселелерин карап чыгышты.
АӨБдүн сектордук директору Цзянфэн Чжан жана банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву айыл чарба жана суу менен камсыздоо тармагындагы долбоорлорду каржылоого катышуу ниетин тастыкташты.
Министрдин орун басарлары Илич Марсбек уулу менен Мирбек Дүйшеев суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейндерин курууга, ошондой эле айылдарды таза суу менен камсыздоого каражат бөлүү зарылдыгын белгилешти. Жолугушуунун катышуучулары долбоордук документтерди биргелешип даярдоону макулдашты.