«Улуу көчмөндөр мурасынын» 3,4 млрд сому каякта экени айтылды

«Улуу көчмөндөр мурасынын» 3,4 млрд сому каякта экени айтылды

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун  3,4 млрд сому банктагы эсебинде сакталып турат. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Аталган компания Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы токтому менен түзүлгөн.

«Республикалык бюджеттен компаниянын уставдык капиталына 3,4  млрд сом которулган. Учурда ал каражат банктагы эсебинде толугу менен сакталып турат. Бүгүнкү күнү Министрлер кабинети тарабынан аталган коомду жоюу боюнча тийштүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу,  Финансы министрлигинен бөлүнгөн каражаттын 2,7 млрд сому республикалык бюджетке кайтарылат», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик билдиргендей, калган 700 млн сом мыйзам талаптарына ылайык «Улуу көчмөндөр мурасы» компаниясын жоюуга байланыштуу кредиторлордун талаптарын канаатандырууга жумшалат.

Алар:

— Жаратылыш ресурстар министрлигине жана Мамлекеттик салык кызматына — пайдалуу кендерди казуу үчүн алынган лицензиялар боюнча бонустарды (салыктарды) төлөөгө 638 миллион сом;

— Калган сумма кызматкерлерге эмгек акы төлөөгө, жайларды ижарага алууга жана башкаларга жумшалат.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура «Улуу көчмөндөр мурасын» жетектеген Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган.

Жакында эле «Улуу көчмөндөр мурасы» компаниясы жоюлары тууралуу кабарланган.

“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” ишке ашпай калганына ким жооптуу?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>