Кызыл-Кыянын тургунун сабап кеткен жаран түрмөдө экени аныкталды

Кызыл-Кыянын тургунун сабап кеткен жаран түрмөдө экени аныкталды

Кызыл-Кыя шаарында ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жарандын жүргөн жери аныкталды. Бул тууралуу Баткен облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 20-август күнү саат 00:50 чамасында Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынан Караван айылынын 38 жаштагы тургуну Б.Х. денесинен оор жараат алып, ооруканага түшкөнүн билдирип, милицияга кабар берген.

Бул факт Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 2022-жылдын 19-август күнү Кызыл-Кыя шаарынын 38 жаштагы Б.Х аттуу тургунун өзүнүн үйүнүн алдында Кызыл-Кыя шаарынын 29 жаштагы тургуну Г.К. өз ара пикир келишпестиктен улам сабап, ден соолугуна оор залал келтирген соң кетип калган.

Баткен ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, 29 жаштагы Г.К. Ош шаарындагы эркинен ажыратылган жайда жазасын өтөп жаткандыгы аныкталды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>