Лейлек РИИБдин жетекчисинин үйүнөн 3 чет элдик жаран табылды

Лейлек РИИБдин жетекчисинин үйүнөн 3 чет элдик жаран табылды

Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилеринин биринин үйүнөн Кыргыз Республикасына мыйзамсыз келген коңшу мамлекеттин 3 жараны табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Лейлек райондук ИИБ жетекчилеринин бири У.Ж.Н. үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында Кыргыз Республикасына мыйзамсыз келген коңшу мамлекеттин 3 жараны аныкталды.

Өз кезегинде кармалгандар Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгүн билип, кылмыш иштерин токтотуунун ордуна У.Ж.Н. аларга жашоосу жана мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү үчүн шарттарды түзгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: лейлек

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>