Лейтенант Никита Цой тай боксу боюнча дүйнө чемпиону болду

Лейтенант Никита Цой тай боксу боюнча дүйнө чемпиону болду

Чүй районунун Молдовановка айылындагы №31 медициналык түзөтүү мекемесинде тиш доктур болуп иштеген Никита Цой Таиландда өткөн тай боксу боюнча дүйнөлүк чемпионатта жеңишке жетти. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чемпиондук кур менен кайтып келген лейтенант Никита Цойду «Манас» аэропортунан  салтанаттуу тосуп алышты. Ага мекеменин жетекчиси, ички иштер кызматынын полковниги А.Айманбетов баштаган №31 медициналык түзөтүү мекемесинин кызматкерлери, кесиптештери, жакындары катышты.

Никита Цой Таиланд Королдугунун Паттайя шаарында өткөн World Muaythai Federation эл аралык мелдештерине муай-тай федерациясынын Кыргызстандын курама командасынын атынан катышкан. Анда ал дүйнөнүн төрт жолку чемпиону боло алды.

Эске салсак, Никита Александрович Бишкекте дарыгерлердин үй-бүлөсүндө туулган (атасы да тиш доктур, ЖАКнын медицина бөлүмүндө иштеген подполковник), машыктыруучусу Айталиев Сыргактын жетекчилигинде өнөрүн көрсөтүп келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>