Ленин РИИБи Абдил Сегизбаевдин тарапташтары менен жубайын коё берди

Ленин РИИБи Абдил Сегизбаевдин тарапташтары менен жубайын коё берди

Бишкек шаарынын Ленин РИИБи Абдил Сегизбаевдин тарапташтары менен жубайын коё берди.

28-январда УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин тарапташтары Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын имаратынын жанында митинг өткөрүшкөн.

Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан Reporter.kg’ге кабарлашкандай, 28-январда саат 10:00 чамасында Чүй проспектиси менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде бир нече адам уруксатсыз митингге чыгышкан.

«Митингчилер милиция кызматкерлеринин көчөнү бошотуу талабынан баш тартышкан. Буга байланыштуу төрт адам Ленин РИИБге жеткирилип, ал жакта 1962-жылы туулган О.Г., 1968-жылы туулган А.Г., 1982-жылы туулган Э.А., 1988-жылы туулган С.Д., жана укук бузууларга жол берилбестиги жөнүндө профилактикалык баарлашуунун алкагында бардыгы бошотулду», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Кечээ, 27-январда Биринчи Май райондук соту Абдил Сегизбаевди УКМКнын СИЗОсуна 25-мартка чейин камакка алган.

Бүгүн Филармонияда президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы өттү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>