Лицензиялык мелдеш: Жуманазарова бир беттешин утса, Олимпиадага жолдомо алат

Лицензиялык мелдеш: Жуманазарова бир беттешин утса, Олимпиадага жолдомо алат

Балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулуп жаткан Бишкектеги Азиялык лицензиялык мелдештин жарым финалына чыкты.

Жуманазрова 68 кг салмакта күрөшүүдө. Анын салмагында бул мелдешке 7 спортчу катышкандыктан, алар А жана В тайпасына бөлүндү. Жуманазарова түшкөн В тайпасында 4 спорчу, А тайпасында 3 спортчу күч сынаша турган болду. Эки тайпада тең балбан кыздар бири-бири менен айлампа түрүндө беттеш өткөрдү. Тайпада биринчи жана экинчи орунду алгандар жарым финалга чыкты.

Жуманазарова алгач казакстандык жана индиялык атаандаштарын тушега басып, таза жеңишке жетти. Бирок үчүнчү беттешинде түндүк кореялык спортчудан 2:6 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.

В тайпасындагы беттештердин жыйынтыгы менен Жуманазаровада 2 жеңиш, түндүк кореялыкта 2 утуш жана индиялык спортчуда 2 жеңиш болду. Бирок Жуманазарованын көрсөткүчтөрү берки эки спортчуга караганда жакшы болгондуктан, ал өз тайпасынан биринчи орун менен жарым финалга чыкты. Түндүк кореялык спортчу В тайпасында экинчи орунду ээледи.

Эми жарым финалда Жуманазарова А тайпасында экинчи орунду ээлеген өзбекстандык Набира Эсенбава менен күрөшөт. Мээрим Жуманазарова аталган беттеште жеңишке жетсе, Олимпиада оюндарына лицензия алат.

Беттештер саат 18:00до башталат.

Бишкектеги мелдеште Олимпиадага лицензия ар бир салмакта финалга өткөн экиден спортчуга берилет: кыз-келиндер күрөшүнөн 50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг олимпиадалык салмак болуп саналат. Финалдык кармаштар болбойт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>