Бишкекте жигитке бычак сайып, 4 миң долларын алып кеткендер кармалды

Бишкекте жигитке бычак сайып, 4 миң долларын алып кеткендер кармалды

Бишкекте каракчылыкка шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-январда жабыркаган жигит милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 31-декабрга караган түнү Кулиев-Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар ага кол салып, бири далыга бычак сайган. Алар анын 4 миң АКШ долларын алып кетишкен.

Бул фактынын негизинде Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр кармалды. Алар 1999-жылы туулган Ж.Э. жана 2001-жылы туулган К.Б. болуп чыкты, алар мурда ушул сыяктуу кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери уланып, керектүү экспертизалар дайындалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>