Кыргызстанда жарандык алуу жана андан ажыроо эрежелери өзгөртүлдүБыйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталатТокмокто айдоочулук күбөлүк үчүн практикалык сынак өтүүчү жайдын дареги өзгөрдүБишкекте баңгизат таратууга шектелген студент кармалдыБишкектин бир бөлүгүндө 23-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулатБишкекте бокс кечеси өтөт: турнирдин башкы беттештери белгилүү болду
Лос-Анжелесте кыргыз тасмалары көрсөтүлдү – сүрөт
06.11.2021 | 09:41
Лос-Анжелестеги Лэнмарк кинотеатрында кыргыз киносунун салттуу күнү өтүп, анда 2 тасма: «Акыркы көч» жана «Шамбала» көрсөтүлдү.
Иш-чарага “Шамбаланын” режиссеру Арыкпай Сүйүндүков жана актёр Артур Аманалиев, Кыргызстандын Вашингтондогу элчиси – Бакыт Аманбаев катышты. Көрсөтүүнү колдоо үчүн Американын ар кайсы штаттарынан мекендештер, ошондой эле Кыргызстандан коноктор келишти.
«Иш-чара абдан ийгиликтүү өттү. Жетинчи жыл катары менен Кыргызстандын күнү салттуу түрдө Азия кинофестивалынын алкагында өткөрүлөт», – деп белгилешти уюштуруучулар.


Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы