Таласта дарыяга түшүп кеткен өспүрүмдү издөө учурунда куткаруучу каза таптыОш шаарында тез жардам борборунун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандык адистер Кытайдын темир жол кадрларын даярдоо системасын үйрөнүүдөКундус Кырбашева: Кыргызстандагы бизнес энергиялык көз карандысыздыкка умтулуудаУлуттук госпиталдын адистери Францияда стажировкадан өтүүдө27-июнь: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт
Маданий мурастарды коргоо боюнча кытай-кыргыз биргелешкен лабораториясы ачылды
30.04.2025 | 10:07
29-апрель күнү Бишкек шаарында Кытай мамлекети менен Кыргызстандын ортосунда маданий мурастарды коргоо боюнча кытай-кыргыз биргелешкен лабораториясынын ачылышы болду. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Ачылыш аземде тараптар лабораторияны техникалык камсыздоо боюнча атайын келишимге кол коюшкан.
Кытай тарап лабораторияга 25 миллион сомдук атайын жабдуулар белек катары берген. Бул жабдуулар Кыргызстандагы тарыхый жана маданий мурастарды изилдөө, калыбына келтирүү жана коргоо иштерин жакшыртууга багытталган.
Биргелешкен лаборатория Кыргызстан менен Кытайдын тарыхый байланыштарын тереңдетүүгө, маданий мурастарды сактоо боюнча илимий жана практикалык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы