Кыргызстандык адистер Кытайдын темир жол кадрларын даярдоо системасын үйрөнүүдө

Кыргызстандын кесиптик билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү Кытайдын Хунань провинциясында жогорку ылдамдыктагы темир жол тармагы үчүн адистерди даярдоо системасы менен таанышып жатышат. Бул тууралуу КРдин Агартуу министрлиги билдирди.
24–29-июнунда өтүп жаткан сапардын алкагында делегация заманбап окуу-өндүрүштүк комплекстерди жана практикалык окутуу базаларын көрүп чыгышкан. Ага Республикалык илимий-методикалык борбордун директору Акпаралы Карабаев, №97 темир жолчулар кесиптик лицейинин директору Альберт Колопов жана И. Раззаков атындагы КМТУнун Бишкек техникалык колледжинин директору Касымбек Келебаев катышууда.
Программанын алкагында кыргыз делегациясы билим берүү программаларын иштеп чыгууга жана темир жол тармагы үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоого арналган тематикалык семинарга катышкан.
Сапардын максаты — темир жол тармагы үчүн адистерди даярдоо жаатында тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн кесиптик билим берүү уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат.