«Мадина» базары реконструкцияланат: Ишкерлер жана мэрия макулдашуу комиссиясын түзүшүүдө

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 1-августтан тарта башталчу реконструкциялоо иштерине байланыштуу «Мадина» базарынын соода түйүндөрүнүн ээлери менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле ШИИББдин, Свердлов районунун прокуратурасынын, УКМКнын, шаар куруу жана архитектуралык-курулуш көзөмөлү башкармалыктарынын өкүлдөрү катышты.
Ишкерлерге базардын жанындагы аймактан жаңы соода орундары сунушталды. Мэр реконструкциялоо борбор калааны көрктөндүрүү иштеринин бир бөлүгү экенин, бирок соодагерлердин укуктары тебеленбеши керектигин баса белгиледи.
«”Мадина” базары өзгөчө эмес. Биз борбор калаада тартипти орнотуп, көрктөндүрүү иштерин күчөтүшүбүз керек. Ошол эле учурда ишкерлердин жана базар кызматкерлеринин укуктары менен кызыкчылыктарын чектебешибиз зарыл», — деди Жунушалиев.
Талкуунун жыйынтыгында ишкерлер бардык маселелерди кылдат иштеп чыгуу үчүн макулдашуу комиссиясын түзүүнү сунушташты. Мэр бул демилгени колдоп, комиссияны үч күндүн ичинде түзүүнү тапшырды. Комиссияны мэрдин орун басары Атай Муратбек жетектейт. Анын курамына ишкерлердин жети өкүлү, ошондой эле мэриянын, акимиаттын, тармактык башкармалыктардын жана юридикалык бөлүмдөрдүн өкүлдөрү кирет.
Жолугушуунун соңунда катышуучулар иштеп жаткан соода түйүндөрүн жана сунушталган жаңы орундарды кыдырып чыгышты.