«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Мэрия Айтматов кең көчөсүндөгү №21 үйдүн торлорун подрядчынын эсебинен орнотуп берет
23.07.2026 | 10:56

Бишкек мэриясы Айтматов кең көчөсүндөгү №21 үйдүн жашоочуларынын терезелеринин ачыла турган бөлүгүнө подрядчынын эсебинен торлорду орнотуп берет. Бул тууралуу Reporter.kg агенттигине Ленин районунун акиминин орун басары Нурсултан Бейшенбек уулу билдирди.
Буга чейин маалымдалгандай, июль айынын башында бул үйдүн айрым жашоочуларынын терезе торлору чечилип, мыйзамсыз түрдө алынып кеткен болчу.
«Бүгүн жашоочулар менен жолугушуу болуп өттү жана бул маселеге чекит коюлду: коопсуздукту камсыз кылуу үчүн терезелердин ачыла турган бөлүгүнө подрядчынын эсебинен торлор орнотулат», — деди Нурсултан Бейшенбек уулу.
Жашоочулардын редакцияга билдиришинче, жолугушуу конструктивдүү жана позитивдүү маанайда өттү.
«Албетте, түзүлгөн кырдаалда компромисс табыш керек. Биз акимдин орун басарынын сунушуна макул болдук, анткени биз үчүн эң негизгиси — коопсуздук. Ошондой эле, акимдин орун басары убада кылгандай эле келип, бизди угуп кеткени абдан кубантты. Эки күндүн ичинде адистер керектүү ченөөлөрдү жүргүзүп, терезелердин ачыла турган бөлүгүнө торлорду жасап, орнотуп беришет. Биз сөзсүз түрдө сиздердин редакцияга отчёт жөнөтөбүз», — деп жыйынтыкташты шаардыктар.
Анара Мамытова
Рубрики: Жаңылыктар, Коом