Кемпир-Абад: Чыңгыз Айдарбеков чекилик кетирип койду, — Мадумаров

Кемпир-Абад: Чыңгыз Айдарбеков чекилик кетирип койду, — Мадумаров

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мурдагы төрагасы Чыңгыз Айдарбеков комитеттин 10-октябрдагы жыйынын өткөрбөш керек болчу. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда комитеттин отурумунда депутат Адахан Мадумаров билдирди.

Ал комитеттин бүгүнкү жыйынында, Каржы министрлиги депутаттардын кароосуна кагаздарды алдын ала бербегенин айтып, чукул алынып келген документтерди кароо туура эмес экенин белгиледи. Аны менен бирге ал кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору каралган комитеттин 10-октябрдагы жыйыны тууралуу да сөз кылды.

«Бүгүн алып келип, карап бергиле деген маселени күн тартибине киргизбеш керек. Мына Чыңгыз Айдарбеков да чекилик кетирип коюп, баары оор кырдаалда турат. Чыңгыз Айдарбеков «биздин колубузда документтер жок, регламентти одоно түрдө буза албайм, жыйын бүгүн болбойт» деп туруп кетиш керек эле. Ушундай позицияга барыш керек эле», — деди ал.

Эскерте кетсек, 10-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу маалымат берген. Анда ал документке ылайык, чек арадагы талаштуу делген жерлердин көбү (жалпы 19 миң 699 гектар) Кыргызстанга өтүп, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери берилерин билдирген.

Маселени караган эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети аталган келишимдин долбоорун жактырып берген. Бирок комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков келишимдин долбоору боюнча тармактык комитеттин чечимине кол койгон эмес. Айдарбеков анын себебин, аларга аталган маселе боюнча документтер толугу менен берилбегени менен түшүндүргөн. Ага байланыштуу 20-октябрда Чыңгыз Айдарбеков комитеттин төрагасы кызматынан чакыртып алынган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: парламент

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>