Бишкекте көмүрдү кайсы жерлерден сатып алса болот? Баасы, дареги

Бишкекте көмүрдү кайсы жерлерден сатып алса болот? Баасы, дареги

Бишкек шаарында көмүр базалары иштеп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев көмүр базаларын кыдырып, көмүрдүн запасын текшерди. Кыдыруу учурунда күн сайын болжол менен 50-70 тонна көмүр сатылып жаткандыгы аныкталды.

Ошондой эле район башчысы көмүр базасынын ээлери менен калк үчүн көмүрдүн баасынын көтөрүлүп кетишине жол бербөө жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Кара-Кече көмүрүнүн баасы жүктөөнү эске алуу менен, бирок жеткирүүсүз тоннасына 4,5 миң сомдон 5,6 миң сомго (иргелген) чейин сатып алууга болот. Бир мүшөк көмүрдүн баасы 300 сомдон 400 сомго чейин сатылууда.

Райондун аймагында көмүр сатуу боюнча 6 база жана 2 стационардык пункт иштейт, баалары жогорулатылган эмес, запастары бар.

Райондор боюнча базалар төмөнкү даректер боюнча жайгашкан:

Ленин району:

— Мурманск көчөсү №126;

— «Кара-Тоо» ЖЧК  Мурманск көчөсү №45/2 (мурунку Торг-Синтез ЖЧК);

— «Береке» ЖЧК  Мурманск көчөсү №122, 122а;

— «Беш Сары» ЖЧК  Мурманск көчөсү №1Б;

— Коргоо министрлигинин көмүр базасы Дэн Сяопин проспектиси №306а дареги боюнча;

— «Болотбеков»ЖИ  Дэн Сяопин проспектиси №308/4;

— Алыкулов жана Гагарин көчөлөрүндө сатылууда.

Биринчи май району:

— Дэн Сяопин пр. № 531 (М.Ганди бульвары менен Жапаров көчөсүнүн кесилишинде) Октябрь районунун аймагында Кара-Кече, Кара-Жыра, Беш-Сары көмүрлөрүн  сатуучу үч пункт ачылган;

— «Глобал Азия Пропертис» ЖЧК «Төкөлдөш» конушу 1 дарегинде  тоннасы 5400 сомдон;

— Достоевский көчөсү 97 дарегинде 1 тоннасы 5000 сомдон;

— Октябрь  көчөсү (Анкара) 2/2 1 тоннасы 4800 сомдон;

— Анкара көчөсү 1а  дарегинде 1 тоннасы 4800 сомдон.

Свердлов районунун аймагында Достоевский көчөсүндө 1 көмүр базасы бар. 1200 тонна Шабыркүл маркасындагы көмүр бар, тоннасы 5000 сомдон.

Кошумчалай кетсек, райондун аймагында «Келечек» конушунда көмүрдү сатуунун кошумча пункттары жайгашкан. Кампада 35 тонна Кара-Кече көмүрү бар, 1 тоннасынын баасы 4500-5000 сомдон.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>