Мадумаров, Нарматованы жоопкерчиликке тартуу үчүн сунуш даярдалууда

Мадумаров, Нарматованы жоопкерчиликке тартуу үчүн сунуш даярдалууда

Башкы прокуратура «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушун Жогорку Кеңешке киргизүүгө камынууда. Бул тууралуу Reporter.kg′ге өздүк булактар ​​билдирди.

Алардын айтымында, балким Жогорку Кеңешке сунуш бүгүн түшүп калышы мүмкүн.

Мындан тышкары, «Бүтүн Кыргызстандын» дагы бир депутаты Орозайым Нарматовага карата дагы бир жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуш Жогорку Кеңешке даярдалууда. Ал жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алган деп шектелүүдө.

«Мындай кадам менен оппозициялык парламенттик партияга ачык кысым. Менде Башкы прокуратура сунуш киргизгени тууралуу маалымат жок. Бирок ,чындап эле ошондой болсо, бул Башкы прокурордун катасы болот. Анткени тергөө президенттин көрсөтмөсү менен жүрүп жатканы көрүнүп турат. 2009-жылы Мадумаров кол койгон документке юридикалык баа берүү боюнча буйрук чыккан. Эгерде бул документ Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербесе, аны ратификациялоонун кереги жок”,- дейт “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев.

Адахан Мадумаров 2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди тажик тараптан  49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Ал кезде Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу. Мадумаров ал документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>