«Мага акыл үйрөтпөңүз». Мадумаров менен Жапаров айтыша кетти (видео)

«Мага акыл үйрөтпөңүз». Мадумаров менен Жапаров айтыша кетти (видео)

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтыша кетти.

Жыйында Мадумаров Акылбек Жапаровго кайрылып, өкмөт пенсия, жөлөкпулдар тууралуу айтылган Конституциянын 44-беренеси боюнча Конституциялык сотко кайрылганын айтып, анын максаты эмнеде экенин сурады. Аталган берененин 2-бөлүмүндө Кыргызстанда «Пенсиялар, социалдык жөлөк пул жана башка социалдык жардам мыйзамда белгиленген жашоо минимумунан кем эмес жашоо деңгээлин камсыз кылууга тийиш» деп жазылган. Бул норма быйыл 1-январдан тарта күчүнө кирери каралган.

Жапаров министрлер кабинети Конституциялык сотко аталган беренени чечмелеп берүү өтүнүчү менен кайрылганын айтты.

Мадумаров Жапаровдун жообуна ыраазы болбой, жандуу жооп берүүнү талап кылды.

Андан кийин Мадумаров менен Жапаровдун ортосунда талаш-тартыш чыкты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>