МАГАТЭ: Запорожье АЭСиндеги өрт маанилүү тетиктерге зыян келтирген жок

МАГАТЭ: Запорожье АЭСиндеги өрт маанилүү тетиктерге зыян келтирген жок

Украинанын Запорожьедеги Атомдук элктростанциянын аймагындагы өрт «негизги жабдууларга таасир эткен жок» деп билдирет РИА Новости Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) билдирүүсүнө таянуу менен.

Буга чейин АЭСте өрт чыкканы кабарланган. Кийинчерээк Украинанын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы өрт станциянын сыртында машыгуу имаратында болгонун тактаган. Атомдук электр станциясында радиациялык жана өрт коопсуздугунун шарттары нормалдуу чегинде экени белгиленди.

«Украина МАГАТЭге Запорожье атомдук электр станциясынын аймагындагы өрт «негизги» жабдууларга таасирин тийгизбегенин билдирди, ишкананын кызматкерлери кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрүп жатышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>